Сон-Кольская декларация. Молодежь Кыргызстана требует кардинальных изменений в политической и экономической жизни страны 11:42 27.08.2013
В субботу на пастбище на Сон-Куле состоялся курултай оппозиционных сил. Молодежью выдвинуты ряд требований власти. По итогам курултая участники приняли специальную декларацию. Среди прочих требований – денонсация составленного с компанией "Центерра Голд" соглашения по месторождению "Кумтор", компенсация экологического ущерба, формирование правительства народного доверия вместо действующего правительства, повышение зарплат и пособий.
Курултай был организован молодежными лидерами. В нем приняли участие около 400 человек со всех регионов. Из политиков на курултае были лидер партии "Акыйкат" Аликбек Джекшенкулов, недавно лишившиеся депутатского мандата члены партии "Ата-Журт" Садыр Жапаров и Талант Мамытов, лидер партии "Чындык" - Кубанычбек Кадыров.
Как сообщают организаторы, со стороны местных властей и административных органов были предпринятые меры по срыву мероприятия, но им это не удалось.
Редакция портала "Femida.kg" публикует Сон-Кольскую декларацию на кыргызском и русском языках.
Соң-Кєл декларациясы
2013-жылдын, 24-августу Нарын облусу
Биз, Кыргызстандын жаш патриоттору, баардык региондордун, партиялардын єкүлдєрү элибиздин жана мамлекетибиздин келечегине, єлкєбүздүн эгемендигине жана коопсуздугуна коркунуч туулуп жаткандыгына, саясий жана экономикалык кырдаал курчуп баратканына тынчсыздангандыгыбызды билдиребиз.
Бийлик алмашкандан бери үч жыл єттү. Бирок, жаштар, жалпы эле жарандар күткєн єзгєрүүлєр болгон жок. Биз, 2010-жылдын апрель революциясынан кийин ант берген азыркы бийлик єз убадаларын аткарбай жатканына нааразыбыз. Анан калса, күндєн-күнгє күчөп бараткан жумушсуздук, коррупция, улам күчєгєн криминал, укуктук єзүм билемдик, мыйзамсыздык биздин коомдо кєнүмүш нерсеге айланды. Єлкєнүн эгемендүүлүгү, жарандардын коопсуздугу коркунуч астында калды. Кыргызстандын түштүк облустарынын чек араларында чыр-чатактардын кєбєйүп атканы буга далил. Азыркы бийлик коомдун жана єлкєнүн кєйгєйлүү маселелерин чечүүгє жєндємсүз экендигин кєргєздү. Бүгүн парламент да, єкмєт да ишке жараксыз экендигин убакыт көргөздү. Кєп атка минерлер бийликке келген сон элге тил эмизип, єзүнүн чєнтєгүнүн гана камын кєрүп калышты.
Биз 21-кылымда жашап жатсак да єлкєбүз жарга кулап баратканын кєрүүгє аргасызбыз. Коомдогу башаламандыкка, єлкєдєгү укуктук єзүм билемдикке качан чек коюлат? Кана карапайым элдин турмушу оңолгону? Убада кылынган инвестициялар кана? Эмне үчүн карапайым жарандардын коопсуздугу камсыз кылынбайт? Убада кылынган адилеттүүлүк кана?
Биз єлкєбүздүн саясий жана экономикалык турмушунда кардиналдуу єзгєрүүлєр болушун чечкиндүү түрдє талап кылабыз. Кыргызстандын жаштары мыйзамсыздык, атка минерлердин єзүм билемдиги єкүм сүргєн єлкєдє жашоого макул эмес.
1. Эмгек акылар жогорулашын, жаңы жумуш орундары түзүлүшүн, пенсия жана пособиялар кєбєйүшүн талап кылабыз. Биз жаңы экономикалык саясат ишке ашырылышын талап кылабыз. Биз адилеттүүлүктү, Кыргызстандын карапайым жарандарынын турмуш-шарты жакшырышын, укуктук єзүм билемдикке чек коюлушун, єлкєбүздүн коопсуздугу камсыз болушун талап кылабыз.
2. "Кумтєр" боюнча макулдашуу жокко чыгарылышын, кыргыз элинин кызыкчылыгы тиешелүү денгээлде корголушун, экологиялык коопсуздук камсыздалышын талап кылабыз.
3. Биз, Кыргызстандын жаштары премьер-министрге, азыркы єкмєттүн бүткүл курамына, депутаттардын кєпчүлүгүнє ишенбєєчүлүк билдиребиз.
4. Биз Президенттен, єлкєнүн бардык саясий күчтєрүнєн элдик ишеним єкмєтүн түзүүнү, мєєнєтүнєн мурда парламенттик шайлоо єткєрүүнү талап кылабыз.
5. Биз, КР Президентинен кадр саясатында кардиналдуу єзгєрүүлєрдү жасоону талап кылабыз. Биз, Президентти мамлекеттик кызматка ак ниет, билимдүү жаштарды, ошондой эле тажырыйбалуу, моралдык жактан таза, кесипкєй адистерди тартууга чакырабыз.
Эгер биздин талаптарыбыз аткарылбаса, анда, биз жаштар мыйзам чегинде нааразычылык акцияларын, кєчє жүрүштєрүн жана баш ийбєєчүлүк актыларын єткєрүүгє даярбыз.
Ормон хандын 220 жылдыгына карата бүткүл республикалык жаштар курултайынын
катышуучулары.
Сон-Кольская декларация
Нарынская обл. "24 " августа 2013 года
Мы, молодые патриоты Кыргызстана, представители различных регионов и партий, обеспокоены будущим нашего народа и государства, нарастающими угрозами суверенитету и безопасности страны, ухудшающейся политической и экономической ситуацией.
Прошло более трех лет после того, как сменилась власть, однако изменений, которых ожидала молодежь и все граждане, не произошло. Мы разочарованы тем, что нынешняя власть, дававшая клятву после апрельской революции 2010 года, не выполняет свои обещания. Более того, нарастающая безработица, коррупция, усиливающийся криминал, правовой беспредел, беззаконие стали нормой жизни в нашем обществе. Под угрозой находится суверенитет и безопасность граждан, свидетельством чему являются участившиеся инциденты на границе южных областей Кыргызстана. Нынешняя власть показала неспособность решить насущные проблемы общества и страны. Сегодня парламент и правительство не дееспособно. Придя к власти, многие чиновники занимаются только ненасытным самообогащением, кормя народ пустыми обещаниями.
Мы живем в 21-м веке, но нам приходится наблюдать за тем, как наша страна катится в пропасть семимильными шагами. Когда закончится хаос в обществе и правовой беспредел в стране? Где улучшение жизни простого населения? Где обещанные инвестиции? Почему не обеспечивается безопасность рядовых граждан? Где обещанная справедливость?
Мы решительно требуем кардинальных изменений в политической и экономической жизни страны. Молодежь Кыргызстана не согласна жить в стране, где царит беззаконие и чиновничий произвол.
1. Мы требуем увеличения заработной платы, создания новых рабочих мест, увеличения пенсий и пособий. Мы требуем новой экономической политики. Мы требуем справедливости, улучшения жизни рядовых граждан Кыргызстана, прекращения правового беспредела, обеспечения безопасности страны. 2. Мы требуем денонсации соглашения по "Кумтору", надлежащей защиты интересов кыргызского народа и обеспечения экологической безопасности. 3. Мы, молодежь Кыргызстана, выражаем недоверие Премьер-министру, всему составу нынешнего Правительства и большинству депутатов ЖК. 4. Мы требуем от Президента КР и всех политических сил страны формирования правительства народного доверия и досрочных парламентских выборов. 5. Мы требуем от Президента КР кардинальных изменений в кадровой политике. Мы призываем Президента КР привлечь на государственную службу честную, образованную молодежь, а также опытных и морально чистоплотных профессионалов. В случае невыполнения требований общества, мы оставляем за собой законное право проводить акции протеста, шествия и акты неповиновения.
Участники
Республиканского Курултая молодежи
посвященного 220-летию Ормон Хана
Бишкек,
|