КРАСНЫЙ ЖЕЛТЫЙ ЗЕЛЕНЫЙ СИНИЙ
 Архив | Страны | Персоны | Каталог | Новости | Дискуссии | Анекдоты | Контакты | PDARSS  
 | ЦентрАзия | Афганистан | Казахстан | Кыргызстан | Таджикистан | Туркменистан | Узбекистан |
ЦентрАзия
  Новости и события
| 
Среда, 09.02.2011
22:22  Лошарики... Сборная России по футболу проиграла команде Ирана
21:13  "Сан колдой болгон олуя заада...". Бабушка рядышком с дедушкой... Роза Отунбаева провела всекыргызское совещание с аксакалами
19:19  У берегов Южной Кореи протаранено и утонуло российское грузовое судно "Александра"
09:57  В Таджикистане запретили преподавание школьного предмета "Маърифати ислом/Познание ислама"
09:54  С.Шерматова: Живучий "сепаратизм", или Раздвоение Киргизии
09:51  "Голос Америки": Центральная Азия - возможно ли повторение египетского сценария?
09:40  Мишель Рокар: Буржуазные корни тунисской революции

09:34  В Кибрайском районе Ташкентской области малолетки убили участкового милиционера. За то, что запрещал им играть в карты в уличной чайхане
09:27  Казахстанский магнат А.Машкевич оформил гражданство Израиля
09:25  В Туркменистане на продажу выставят единственного сотового оператора
09:24  США ведут переговоры с Афганистаном о создании постоянных военных баз
09:07  Б.Макаренко: Цена вопроса. Революцию в Египте сделали новые технологии? Twitter создал новый прорывной сервис...
09:02  "Къ": Ваиль Гоним, посредством Facebook, стал одним из главных организаторов массовых выступлений оппозиции в Каире
08:58  "Литер": Звездные войны. Космос становится главным полем битвы за мировое господство
08:55  К.Конырова: Свои в Европе. "КазМунайГаз" хочет купить перспективные нефтеучастки в Румынии
08:45  Барзу Исхоки: Рахмон должен уйти?
08:41  И.Алексеев: "Транзит" в Египте по российской модели "Ельцин – Путин и Мубарак – Сулейман"
01:21  Космонавт С.Шарипов возрождает узбекский Университет и узбекскую школу в Джалал-Абаде
01:04  Н.Сурков: Власти Египта ощутили почву под ногами. Мубарак и оппозиция ищут общий язык
01:01  Г.Михайлов: Киргизы сыграли в "Манас". Бишкек получил право заправлять американские самолеты
00:55  Генерал КГБ Ю.Дроздов: США сделали все возможное, чтобы мы как можно глубже увязли в Афганистане
00:54  Исламские радикалы намеревались взорвать посольство США в Душанбе
00:51  А.Лымарь: Золотой аппетит. Кыргызстанские завлекалочки для инвестора
00:50  Independent: Не сойдет ли египетская революция с дистанции?
00:49  "Ваш непрофессионализм может повлечь только негативные последствия". Заявление Посольства России в Кыргызстане в связи с ситуацией вокруг Первого российского телеканала
00:48  Г.Абенова: Конец атамана Дутова - загадке советских чекистов исполнилось 90 лет
00:45  А.Подцероб: События в Тунисе - причины и последствия
00:44  Dialog.kz: Идеальные выборы в Казахстане? А почему бы и нет...
00:43  Е.Кирсанов: Сирия и Египет - революции закончились, так и не начавшись
00:41  "РО": Реформу Академии наук правительство Таджикистана начало с объединения десяти научных институтов в пять
00:40  С.Харченко: Моя страна, моя судьба, мой Президент. И Нурсултан Назарбаев, и Дарига Назарбаева любимы в казахстанском обществе...
00:39  Киргизский чиновник Чекирбаев предложил создать Соединенные Штаты Кыргызстана
00:36  Граф Петр Шереметев одобряет "очень мудрое решение" Н.Назарбаева об отмене референдума
00:29  Х.Шабозов: За что Таджикистан отдается Китаю?
00:18  Ч.Джакупова: Cегодняшняя кыргызстанская власть "переплюнула" Бакиева
00:17  "МК": Суэцкая наценка. Какие товары подорожают из-за волнений в Египте?
00:14  Взбунтовавшиеся мусульмане разгромили индонезийский город Теманггунг
00:13  Der Spiegel: Египетская оппозиция бьется за каждый метр
00:12  В Астане вышла энциклопедия, посвященная председателю Совнаркома КазССР, поэту и писателю Сакену Сейфуллину
00:10  Скончалась правнучка великого казахского поэта Абая Кунанбаева киновед Газель Магауина
00:08  Ана, уны, корова дрова съела... Кандидат в Президенты РК Уалихан Кайсар не прошел экзамен по госязыку
00:05  Тунис становится президентской республикой. Парламент добровольно утратил власть
00:04  Asia Times: Кризис в Египте. Иран и США по одну сторону баррикад
00:03  Вызываю удар на себя. Алматинский гаишник А.Казыбаев (фото), рискуя жизнью, спас от аварии автобус с иностранной делегацией
00:02  Сбросить маски. В Темиртау судят религиозных экстремистов, поклонников Саида Бурятского
00:01  Андре Глюксман: Революция - не значит демократия
00:00  Голый марш. В Алматы запретили патриотический ню-парад музыкантов
Вторник, 08.02.2011
22:57  Синцзянский казах смастерил самую длинную в мире 213-метровую казы/конскую колбасу (фото)
15:15  Р.Отунбаева: В переговорах по анклавам с Узбекистаном может идти речь только о равноценном обмене земель (карта)
14:58  Почему кыргызские чиновники принимали решения по "МегаКому" тайно, не известив российскую сторону? – посольство РФ в КР
14:29  Жан Кенжегулов: Гран кондоминиум. Они хорошие, добрые, только дикие. Я с их вождем... (эссе)
Архив
  © CentrAsiaВверх  
    Кыргызстан   | 
"Сан колдой болгон олуя заада...". Бабушка рядышком с дедушкой... Роза Отунбаева провела всекыргызское совещание с аксакалами
21:13 09.02.2011

Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Исаковна Отунбаеванын Аксакалдардын Республикалык жыйынында сүйлөгөн сөзү

Урматтуу кадырман аталар, агалар!
Кадырлуу энелер, апалар!

Кыргыз элибиз Сөз кудуретине өзгөчө маани берип, сөз баккан, сөз таптаган эл. Байыртан бабаларыбыз:
"Баарынан Сөз улук, эң оболу Сөз болгон, сөздүн жашы элдин өмүрү менен тең, бизден кийин да Сөз калат" деп көөнө замандан бери карай сөз башатын тунук тутуп келген. Элибиз эчен кылым карыткан тарыхын, асыл мурас руханий берметтерин сөздүн керемет күчү менен жаратып, акылдын көөнөргүс байлык казынасын ыйык тутуп, өзгөчө кастарлап келген. Акыл ордосун, акыл байлыгын жараткан эл жакшыларынын даанышмандыгы калайык-калкка кыйың кезеңдерде арка-жөлөк болуп, алардын накыл кеби калкыбызга канат, элибизге энчи болуп келген. Элибизде "Карынын кебин капка сал", "Бабалар сөзү баалуу, аталар сөзү ардак", "Баба сөз – даба сөз", "Сөз баштаган – эл баштайт" , "Аталар сөзү - акылдын көзү", "Акылман сөз уулга, уулдан – муунга", "Акылман сөз арыбайт, кадырман сөз карыбайт" деген мааниси терең не бир накыл кетпер айтылып келет. Бул айтылган акылман сөздөрдүн өз тагдыры, өз тарыхы бар, анткени, бул сөздөр элдин тагдыры менен жашап, тагдыры менен улуу сыноолордон өтүп келет…
Байыркы тарыхтын карт мезгилинде жашап өткөн айтылуу олуя акын Кет Буканын орошон ойлору, кылым эскирсе да, жазган ойлору эскирбеген ыр саптары бүгүн да бизге олуттуу, бүгүн да бизге коңгуроолу угулат:
Көгүш тону кыян жууп,
Көркө бузулат, сак болгун.
Көсөмдөрүң элди алдап,
Көч бузулат, сак болгун.

Өзөгүңө өрт таштап,
Өз бузулат, сак болгун.
Сөөлөтүнөн ажырап,
Сөз бузулат, сак болгун.

Салкын тону кыян жууп,
Салт бузулат, сак болгун.
Намыс түгөп, ар түгөп,
Нарк бузулат, сак болгун.

Кара тили калп минип,
Карт бузулат,сак болгун.
Калыс сөзүн айталбай,
Калк бузулат, сак болгун!

Бул кандай керемет курч саптар, кайсы доор болбосун, кайсы заман болбосун, мезгилдин заманбап коңгуроосун кагып, элдин абийрин, ар-намысын козгоп, улуттун уңгу суроосун айтып тургандай туюлат! Кет Бука бабабыздын замандашы, олуя Асан Кайгынын да минтип айткан нарк кеби бар:
Атадан калган алгы сөз,
Айтылбаса кор болоор. – деген.
Кыргыз эли эзелтен журт каймактарынын сөзү менен эсептешип, акылы менен иш тутуп, тагдырдын, мезгилдин тайгак кечүүсүнөн өтүп келген.

Кадырлуу кутман аксакалдар!
Урматтуу журт жакшылары!
Элибизде эзелтен "ийри олтуруп, түз кеңешип" келген көөнө салтыбыз бар. Сиздер да ошол салтты улап, бүгүн бүткүл өлкөбүздүн булуң - бурчунан келген журт каймактары – урматтуу аксакалдарыбыз кереге кеңеш өткөрүп, өлкө , эл башындагы көйгөйлүү маселерди ортого ачык-айкын салып, орой көз чарай олтуруп айтсак деген ниетте жыйналып отурасыздар.
Сиздердин өлкөбүз үчүн өзгөчө жооптуу мезгилде акыл-кеңешиңиздерди айтуу үчүн бардык бийлик бутактарынын башын бириктирип чакырып жатканыңыздарды өлкөнүн Президенти эле эмес, жөнөкөй жараны катары да бир чети сыймыктанып, бир чети кубанып турганымды жашырбайм.
Бүгүн биз, Сиздер байкагандай, жакындан бери мыйзамдуу озуйпа-милдетин аткарууга киришкен бийлик бутактарынын башчылары, мамлекеттик жогорку кызмат адамдары Сиздердин демилгеңиздер менен өткөрүлүп жаткан жолугушууга келип олтурушат. Бул да болсо өлкөбүздүн келечек тагдырына баарыбыз бирдей жоопкербиз деген ыйык ойду туюндуруп турат.
Өткөн жылы Апрель ыңкылабынан кийинки түзүлгөн өлкөбүздөгү оор кырдаал бардыгыбызды чоң сыноодон өткөрдү. Ички, сырткы күчтөрдүн чагымчыл аракетинен улам өлкөнү өрт каптады. Бирок, элибиздин адилет коом үчүн, жаркын келечек үчүн деген үмүт тилегин эч кандай күч өчүрө албады. Элибиздин мүнөзү, духу ошондой, кыйынчылыкта биз чачырабай бир билек болуп бириктик. Стабилдүүлүктү, туруктуулукту сактай алдык. Ал тургай чечкиндүү кадамдарга барып, жаңы Баш мыйзамды кабыл алып, жаңы Жогорку Кеңешти шайлап алдык. Коалициялык өкмөт түзүлүп, ал жаңы жылда жаңы дем менен жигердүү иштөөгө белсенип киришти. Биз жаңы шайланган бийлик бутактарына иштөөгө ар тараптуу мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Кимде-ким начар иштеп жатса, сын-пикирлердин айтылып турганы жөндүү. Элдик бийликти – эл көзөмөлдөшү керек.
Бизге бүгүн баарынан да ынтымак-биримдик керек. Эл менен бийликтин ортосундагы ишенимди бекемдеп, Кыргызстан менин өлкөм деген ой ар бир жарандын жан дүйнөсүндө туу болуп орношу зарыл.
Биздин бүгүнкү коомдук-социалдык абалыбыз , экономикабыз, башкаруу ыңгайбыз коомдун бардык катмарын канааттандырбай жатканын туура түшүнүү менен кабыл алабыз. Ошол эле мезгилде ааламдашуу процессинен, дүйнөлүк интеграциядан оолак калбай, өз жүзүбүздү, улуттук нарк-насилибизди сактоо менен башка элдердин жакшы жактарын алышыбыз керек. Эмне үчүн Батыштын тактыгын, үнөмчүлдүгүн, илимий-техникалык жетишкендиктерин, Чыгыш элдеринин руханий баалуулуктарын алууга болбосун?
Бирок да биздин ашкере мекенчил – улутчул замандаштар айтып жаткандай ата бабалардын жолун улантууга, алардын нугуна түшүүгө мен да каршы эмесмин.
Болгону дүйнө элинен обочолонбой, алардын бизге ылайыктуу жактарын ыктуу пайдаланып, материалдык да, руханий да баалуулуктарды ичине түгөл камтыган аталардын айкөлдүк жолунан тайбашыбыз керек – деп бүгүн сиздердин алдыңыздарда расмий билдиргим келет. Мына биз көп эле мисалга тутуп жүргөн жапониянын өнүгүү формуласы өтө кыска, өтө так "жапон – духу, европа – билими". Бүгүн биз улуттук өнүгүүнүн синтездешкен ортолук жолун тандап алышыбыз керек, антпесек, улуттук прогресстин, улуттук өнүгүүнүн жаңы багытын аныктай албайбыз. Ошону бирге эле, улуттук саясий салтыбызда буга дейре калыптанып келген жакшы жөрөлгөлөрдү заманбап ыңгай менен байтып, өнүгүүнүн көөнө жолдорун да чанып кетпешибиз шарт деп ойлойм. Акыркы кездерде биздин заманбап саясатыбызга салттуу саясий маданиятыбыз, саясий иниституттарыбыз кеңири тамыр жайып, турмушубузга батыл киришип бараткандыгынын өзү да жакшы саамалык катары бааланууда.
Курултай маселеси жөнүндө айтсам, мен бул демилгени буга дейре эле түпкүлүгүндө колдоп келгем. Болгону бул маселени мамлекеттик коомдук түзүлүшүбүзгө кандайча киргизебиз, юридикалык негизи, саясий орду кандай болот? Классикалык үч бийлик бутагы менен Курултайдын карым-катышы, байланышы кандайча ишке ашат? Бийликтердин тирешүүсүнө жол бербей, кээ бир замандаштарыбыз айткандай, элдин атынан көзөмөл функциясын аткара алабы? Анда эл өкүлчүлүгү болгон Жогорку Кеңештин функциясы кандай болот? Албетте, бул жерде тактачуу маселелер арбын. Коюлган суроолорго Сиздерди туура жооп табат деген ишенимдемин. Курултай эл үчүн адилеттиктин элдик кепилдиги катары кызмат кылышы мүмкүн. Курултай маселсесин көтөрүп жаткан Сиздер менен тыкыс иш алып барууга даярбыз.Элдик демилге – элдин энчине таандык. Бүгүн, урматтуу калк кадырмандары Сиздердин айткан улуулук кеп-кеңешиңиздер, көптү көрө билген айкөлдүгүңүздөр азыркы кыйын мезгилде бизге дем берип, оор кырдаалдан чыгып кетүүгө өбөлгө түзөт деп ишенемин.
Быйыл эгемендүүлүктүн 20-жылдыгынын, Курманжан Датканын энебиздин 200 жылдыгынын урматына, Баш Мыйзамдын 52-беренесине таянып, Кыргызстан калкынын Улуу Курултайын өткөрөлү деп жатакан демилгеңиздер элдик мүнөзгө ээ. Курултай элибиздин башын кошуп, биримдик-ырашкерлик алып келүүчү ынтымак аянтчасы болуп берет деген ишеничтебиз. Элибиз "Эр бириксе бир ашуудан ашырат, эл бириксе миң ашуудан ашырат" дейт, биз качан гана биримдиктин туусун бийик көтөрүп, ынтымак, бирге жашоонун идеяларын ишке ашырганда гана өлкөбүздүн бийик идеалы болгон – көз карандысыздыкты, эгемендүүлүктү, мамлекеттүүлүктү бекем сактай алабыз.
Аксакалдык институт жөнүндө айтсак, бул маселеде анчейин талаш жок. Акыркы жылдарда Баш мыйзамыбызга Аксакалдар сотун киргизип, туура кылдык деп ойлойм. Элибиз салтка ылайык дагы эле улуусун угат, урматтайт. Бул улуу сапатыбызды эч качан жоготпошубуз керек. Бүгүнкү демилгеңиздер да бул сөзүмдүн айкын далили.
Келиңиздер, быйыл эгемендүүлүктүн жыйырма жылдыгынын урматына биримдиктин туусун бийик көтөрөлү. Кыргызстан калкынын Улуу Курултайын өткөрөбүз деген асыл оюңуздарды ар тараптуу колдоого алабыз. Кыргыз көчүн дайыма аксакалдар баштаган. Алдыда жүрсө - ак жолтой, артында жүрсө - сан колдой болгон олуя заада Бакай-атадай, Умай-энедей болуп, көчтү баштап, алдыда болуңуздар, урматтуу калк кадырмандары, урматтуу Аксакалдар!

получено от
Д.Торгуновой
dilia@adm.gov.kg,

Источник - ЦентрАзия
Постоянный адрес статьи - https://centrasia.org/newsA.php?st=1297275180


Новости Казахстана
- Рабочий график главы государства
- Олжас Бектенов проверил берегоукрепление жилых массивов Атырауской области в преддверии второго пика паводков
- Реализацию важных инвестиционных проектов обсудили в Правительстве
- Кадровые перестановки
- Какую социальную поддержку получают граждане в пострадавших от паводков регионах РК
- Разведка и сверка позиций: политолог Ашимбаев о визите главы МИД Британии в Казахстан
- Депутатам презентовали законопроект по декриминализации экономических правонарушений
- Заявление по соглашению ОПЕК+
- Новая страница казахско-британских отношений: в Астане подписано Соглашение о стратегическом партнерстве и сотрудничестве
- В Алматинской области судья и пристав осуждены за коррупцию
 Перейти на версию с фреймами
  © CentrAsiaВверх